Untitled Document

Ден-соолук... Эртең менен ойгонгондо

Эртең менен уйкудан турганда көпчүлүк адамдар ачкалыкты сезишпейт. Жалпысынан алганда, бул нормалдуу көрүнүш. Эртең мененки тамакка кофе гана ичсеңиз, денеңиз энергия менен камсыз болбойт. Кофе организмди ойготот, бирок таасири көпкө созулбайт.

Тамак пайдалуу болуу менен катар даамдуу болууга да тийиш! “Google”да туура тамактануунун рецепттери катары кайнатылган гречка жана тоок төшү, кошумча катары кефир менен менен алма сунушталат. Албетте, булар пайдалуу. Бирок, качанга чейин даамсыз тамак жей аласыз? Даамдуу тамак аркылуу организм бакыт гормондорун иштеп чыгат. Бул болсо маанайга өз таасирин тийгизет. Эгер эртең менен сизди дагы даамсыз тамак күтүп турганын билсеңиз, өзүңүздү кандай сезишиңиз мүмкүн?

Адистер уктаардан 3-4 саат мурун тамактанбоого кеңеш беришет. Эгер түнкүсүн тамактансаңыз, тамак сиңирүү системасы түнү бою иштегендиктен, эртең менен чарчагандыкты сезесиз. Анткени, организм эс албаган болот.

Суу ичүүдө дагы бир нече эрежелер бар.                                                           

Биринчиси – өлчөмү. Адам күнүнө орто эсеп менен бир жарым литр суу ичиши керек. Эгерде сиз так өлчөмүн билгиңиз келсе, төмөнкү формулага көңүл буруңуз: аялдар ар бир килограмм салмак үчүн 31 миллилитр, эркектер 35 миллилитр.

Экинчиси - убакыт. Сууну күнү бою бирдей өлчөмдө ичиңиз. Эгерде сиз артыкча салмакка жакын болсоңуз, анда кечинде эртең мененки жана түштөгүгө салыштырмалуу сууну азыраак ичиңиз. Биринчи стаканды ойгонгондон кийин дароо ичүү керек. Суунун жардамы менен организм ойгонот, организмдеги бардык процесстер өз ишин баштайт.

Үчүнчүсү - бир гана суу ичүү керек. Чай, кофе, шире жана башка суусундуктар күнүмдүк суунун ордун баса албайт.