Untitled Document

Сукбат... Бейиш жана Тозок жашоосу

Кыяматтын белгилери бар. Дажжал чыгат, Махди (алейхиррахма) келет, Иса (алайхиссалам) асмандан түшөт, Даббат-ул-ард чыгат, күн батыштан чыгат, “Аллах” деген бир да адам калмайынча Кыямат башталбайт...

Кыямат күнү өлгөн адамдар тирилтилет. Алардын амалдары тартылып, момундар Сырат көпүрөсүнөн өтүшөт, капырлар буту тайып, Тозокко түшүшөт. Алар дүнүйөдө кылган иштеринин эсебин беришет. Эсептин жыйынтыгында алар сыйлык же жаза алышат. Бейиш же Тозокко жиберилишет. Кыямат күнү бардык нерсе жок кылынып, кайра жаратылгандан кийин адамдар түбөлүктүү болушат, эч качан жок болушпайт. Сурак жана эсептен кийин момундар Бейишке киргенде ал жерде түбөлүктүү калышат, Бейиштен эч качан чыгышпайт. Тозокко киргендер болсо түбөлүктүү азап тартышат, алардын азабы эч качан жеңилдетилбейт. Аллаху таала Бакара сүрөсүнүн 86-аяти каримасынын маанисинде: “Алардын азабы жеңилдетилбейт, аларга эч кандай жардам берилбейт”, - деп буюрган.

Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар адамды күнөөлөрүнүн көптүгү себептүү Тозокко салышса да, күнөөлөрүнө жараша жазаланган соң акыры Тозоктон чыгарылат жана анын жүзү кара кылынбайт. Капырлардын жүздөрү болсо караят. Момундарды Тозокто чынжыр менен байлашпайт. Моюндарына боо тагышпайт. Ошентип, алардын жүрөгүндөгү кымындай ыймандын урматы, баркы айкын болот. Капырларды болсо кишен жана чынжырлар менен байлашат...

Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) бардык сахабаларын (радыяллаху анхум) жакшы көрүү керек. Алар жакшылыктан башка эч нерсе менен эскерилбейт. Аларды сүйүү – диндин жана ыймандын негизи, аларды жек көрүү болсо – Аллаху таалага каршы чыгуунун жана мунафыктыктын белгиси.

Расулуллах сахабаларынан (радыяллаху анхум) он куттуу досун тирүү кезинде Бейиш менен сүйүнчүлөгөн. Алар: Абу Бакр, Омар, Осман, Али, Талха, Зубайр, Саад, Саид, Абдурахман бин Авф, Абу Убайда бин Жаррах (радыяллаху анхум).